Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Кыздар аскерде кызмат өтөбөгөн жигиттерге турмушка чыкпаш керек. Бул тууралуу депутат Надира Нарматова бүгүнкү парламент жыйынында билдирди.
Надира Нарматова аскерде кызмат өтөбөгөн жигиттер мекенди коргой албастыгын айтып, алар үй-бүлөсү үчүн жоопкерчилик да ала албай турганын белгиледи.
“Аскерде кызмат өтөбөгөн жана ал жерден тарбия албаган балдардын мүнөзү жумшак болот. Андай эркектер үй-бүлөсү үчүн, балдары үчүн жоопкерчиликти толук ала алышпайт. Көптөгөн ажырашуулар жана жалгыз бой энелер ушундан улам чыгып жатат. Үй-бүлө институту бузулуп жатат. Кыздар аскерде кызмат өтөбөгөн жигиттерге турмушка чыкпаш керек”, - деп белгиледи депутат.