Көк-Жардагы айланма жолдун курулушу: Депутат үйлөрдүн бузулушу боюнча маселе көтөрдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 04 Март 2026 12:40
328821.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Кант шаарына чейинки айланма жолдун курулушуна байланышкан маселени көтөрдү.

Эл өкүлү борбор калаанын чыгыш тарабындагы Көк-Жар айылындагы жол куруу иштери тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардан маалымат талап кылды.

"Чыгыш тарабында, Көк-Жар айылында айланма жолдун курулушу башталды. Ал Ауэзов көчөсүнөн айланма жолго чейин созулат. Буга байланыштуу кайсы турак жайлар бузулат? Маалымат бериңиздер. Мэрия да, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги да жооп бербей, "билбейбиз" дешүүдө. Кандайча билишпейт?! Компенсация төлөө боюнча да маалымат бериңиздер", — деди депутат.