Депутат кара куурайдан кездеме өндүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Февраль 2026 13:54
786469811340620.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кийим-кече, сумка жана башка товарларды өндүрүүдө техникалык кара куурайды (каннабис) колдонууну сунуштады.

Эл өкүлү кыргызстандык тигүү ишканалары Россияда жакшы таанылганын белгиледи.

"Өндүрүштө Түркия же Кытайдан келген эмес, өзүбүздүн жергиликтүү кездемелер колдонулса жакшы болмок. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Америкада кара куурайдан жасалган кийимдерди, сумкаларды сатып алса болот", — деди.

Өз кезегинде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары бул багытта Ички иштер министрлиги менен биргелешип иш алып баруу жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин билдирди.

"Ошондой эле техникалык кара куурайды сыноодон өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүп, андан соң корутундуну Улуттук илимдер академиясына өткөрүп беребиз. Техникалык кара куурайдан жасалган кездемелерди армияда да колдонсо болот", — деп баса белгиледи министрдин орун басары.