Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев парламенттин жыйынында "Кара жыгач токою" сейил багын калыбына келтирүү маселесин көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, бул аймак жөн гана сейил бак эмес, ал 1881-жылы ботаник Фетисов тарабынан негизделген уникалдуу жашыл аймак болуп саналат. Сейил бактын жалпы аянты 136,6 гектарды түзөт, бирок учурда анын болгону 40 гектары гана колдонулуп, калган бөлүгү кароосуз калган.
"Бакта кара жыгач, жөжө дарак (липа), четин (клён), жаңгак, карагай жана башка дарактар өсүп, анын аймагында Комсомол жана Пионер көлдөрү жайгашкан. Бирок азыркы тапта жайкысын бир гана көл иштеп, сугаруу системасынын жоктугунан көптөгөн дарактар куурап жатат. Ошондой эле санитардык тазалык талапка жооп бербейт",-деди ал.
Андан сырткары, депутат "Кара жыгач" багын жакшыртуу үчүн муниципалдык программа түзүү зарыл экенин белгиледи.
Ал куураган дарактарды эсепке алуу жана жаңыларын отургузууну, сугаруу системасын орнотууну, сейил бакты этап-этабы менен эко-паркка айландырууну, жарыктандыруусу менен вело жолдорду курууну, көлдөргө кайык жайын (причал) орнотууну жана жалпы аймакты “ кичи Венеция” стилинде куруп чыгууну сунуштады.