Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева бүгүн парламенттин жыйынында борбор калаанын тургундарынын бир катар актуалдуу көйгөйлөрүн көтөрдү.
Анын айтымында, "Эне-Сай" конушунун жашоочулары коомдук транспорттун жетишсиздигине даттанышууда.
"№104 автобус дем алыш күндөрү 3-4 гана каттам жасагандыктан, шаардыктар каттамдардын санын көбөйтүүнү жана кошумча маршруттарды ачууну суранып жатышат", — деди ал.
Ошондой эле эл өкүлү Энергетиктер шаарчасындагы суу менен камсыздоо маселесине токтолду.
"Көп кабаттуу үйлөрдүн 4–5-кабаттарында суунун басымы начар болууда жана Зеленая көчөсүндө шлюздар жабылганда үйлөрдү суу каптап, жашоочуларга олуттуу ыңгайсыздыктарды жаратууда", — деп белгиледи Ашымбаева.
Мындан тышкары, ал көчөлөрдү жарыктандыруу көйгөйү да чечиле электигине байланыштуу, тургундар Зеленая жана Гаражная көчөлөрүнө жарык орнотуп берүүнү өтүнүп жатканын айтты.