Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Даун синдрому бар балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Эл өкүлү быйыл 21-март – бүткүл дүйнөлүк Даун синдрому бар адамдардын күнү Нооруз майрамына туш келерин эске салды.
Анын айтымында, мындай балдардын ата-энелери бир катар көйгөйлөргө, анын ичинде жеке ассистенттин кызматын көрсөтүүдөн баш тартуу сыяктуу маселелерге туш болушууда. Ал Даун синдрому генетикалык оору экенин белгилеп, эмне үчүн жардамга муктаж болгондордун баарына көмөк көрсөтүлбөй жатат деген суроону ортого салды.
Мындан тышкары, Бекешев Даун синдрому бар балдардын мектептерге киргизилбей жаткандыгын айтып, билим берүү мекемелери окутууда гана эмес, социалдаштырууда да маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.
Буга байланыштуу депутат тиешелүү министрликтерге тапшырмаларды берүүгө чакырды.