Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруудагы төлөмдү бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, бүгүн ал армян, абхаз номерлүү унаалардын ээлерин кабыл алган. Анда жарандар 1-апрелден тартып легалдаштыруу үчүн төлөй турган 100 миң сомун бөлүп төлөө жөнүндө суранышкан. Мындан улам Жанар Акаев каражатты бөлүп төлөө боюнча Экономика жана коммерция министрлигине сунуш берди.
“1-апрелден баштап президенттин токтомунун негизинде легалдаштыруу башталды. Ушуну Экономика жана коммерция министрлиги министрлер кабинети менен сүйлөшүү зарыл. Легалдаштыруу үчүн 100 миң сом деп баа коюлду. Бул баага эл каршы эмес, макул. Мына ушуну этап-этабы менен бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн карап берсеңиздер. Бир жылдын ичинде айына 10 миң сомдон же 7 миң сомдон төлөйбү. Анткени жарандар жеңилдиктерди сурап жатышат. Ушуну эске алып, жакшы чечим чыгарып берет деген үмүттөбүз”, - деди эл өкүлү.