Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев парламенттин жыйынында өлкө аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
Эл өкүлү белгилегендей, аткарылып жаткан иштерге карабастан, бүгүнкү күндө республика боюнча таза суу менен камсыздоо көрсөткүчү болгону 42 пайызды түзөт.
"Айрым айылдарда суу күнүнө бир-эки саатка гана берилип, тургундар сууну дарыядан алууга мажбур болушууда. Баткендеги Төрт-Күл, Карабак, Ак-Турпак жана Молдо-Нияз айылдарында суу менен камсыздоо системаларын долбоорлоо ишин көзөмөлгө алуу зарыл", — деп баса белгиледи ал.