Депутат Ажибаевдин атасынын УКТга тиешеси бар-жогун текшерүүнү талап кылды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Февраль 2026 14:38
3898647.d940c39f654.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Чыңгыз Ажибаевдин атасынын уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Исманали Жороев билдирди.

Анын пикиринде, мындай маалыматтар коомчулукту дүрбөлөңгө салууда.

"Мындан улам бүтүндөй парламенттик корпуска көлөкө түшүп жатат. Тиешелүү органдар буга юридикалык баа бериши керек. Эгерде бул маалымат тастыкталса, анда ал ээлеген кызматынан эле кетпестен, мандатын да тапшырышы керек", - деп билдирди ал.