Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйыны депутат Жылдыз Садырбаева аутизмдин түрлөрү менен жабыркаган балдардын бирдиктүү электрондук базасын түзүү зарылдыгын көтөрдү.
Ал мындай балдардын ата-энелери реабилитациялык борборлордун жетишсиздигине даттанып жатышканын, алардын саны өтө аз экенин белгиледи.
"Мындай борборлор Бишкекте гана бар. Жеке менчик борборлордо баалар абдан кымбат, бир саат болуу үч миң сомду түзөт. Жок дегенде облустук борборлордун базасында мындай жайлар болушу керек. Үй-бүлөлөр балдарын дарылатуу үчүн баарын таштап, Бишкекке көчүп келишүүдө. Реабилитациялык борборлор — бул чоң колдоо, ал канчалык эрте башталса, баланын коомдун толук кандуу мүчөсү болуп кетүүсүнө ошончолук көп мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп баса белгиледи депутат.
Ошондой эле Садырбаева мындай балдарга стоматологиялык кызмат көрсөтүү маселесин да козгоду.
"Мен балдардын энелери менен жолуктум, мамлекеттик стоматологиялар тарабынан тиешелүү дары-дармектер менен эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес. Ал эми жеке клиникаларда бир тишти дарылатуу үчүн 50 миң сом талап кылынат. Ата-энелер жөлөк пулдарды көбөйтүүнү да суранышууда. Ассистент 4900 сом, ал эми бала 8 миң сом алат. Кадрларды даярдоону күчөтүү зарыл. Мындай балдар менен иштөө үчүн дефектологдор, логопеддер жана психологдор жетишпейт, анткени бул татаал жумуш, аларды стимулдаштыруу керек", — деди ал.