Денис Петрашов АКШнын Atlantic Coast Conference студенттик лигасында алтын медаль утту

Спорт Загрузка... 28 Февраль 2025 12:10
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Суучул Денис Петрашов АКШнын Atlantic Coast Conference студенттик лигасында алтын медаль утту. Бул тууралуу аталган лиганын сайтындагы маалыматта айтылат.

Түндүк Каролина штатынын Гринсборо шаарында 18-22-февралда сууда сүзүү боюнча мелдеш өткөн.

Анда Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүүдө 50,62 секундада келип, алтын медалга ээ болду.