Денис Петрашов Азия оюндарынын күмүш медалын жеңди

Спорт 24 сентябрь 2026 16:00
Денис Петрашов Азия оюндарынын күмүш медалын жеңди
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Азия оюндары-2026да сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, алгачкы жарышта спортчу аралыкты 2 мүнөт 11,13 секундда сүзүп өтүп, биринчи орунду ээлеген.

Финалда Денис Петрашов 200 метрди 2 мүнөт 8,67 секундда багындырып, жыйынтыгында экинчи орунга ээ болду.

Ушуну менен кыргызстандык спортчу Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси аталды.