Брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү: Денис Петрашов АКШдагы мелдеште алтын утту

Спорт 19 июнь 2026 12:00
Брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү: Денис Петрашов АКШдагы мелдеште алтын утту

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште алтын медаль жеңди.

TYR Pro Series турниринин финалындагы жарышта кыргызстандык спортчу 2 мүнөт 9,16 секунддук жыйынтык менен биринчи орунду камсыздады.

Белгилей кетсек, мелдеште Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүздү.

Бул жарышка жалпысынан 46 спортчу катышкан.