Дени сак улут: Бишкекте жазгы спартакиада жыйынтыкталды

Спорт 27 Апрель 2026 11:40
1777199057.jpg
1777199085.jpg
1777199063.jpg
1777199068.jpg
1777199079.jpg
1777199090.jpg
1777199096.jpg
1777199112.jpg
1777199118.jpg
1777199123 (1).jpg
1777199123.jpg
1777199129.jpg
1777199145.jpg
1777199149.jpg
1777199154.jpg
1777199052.jpg
Алдыга
Артка
1777199057.jpg
1777199085.jpg
1777199063.jpg
1777199068.jpg
1777199079.jpg
1777199090.jpg
1777199096.jpg
1777199112.jpg
1777199118.jpg
1777199123 (1).jpg
1777199123.jpg
1777199129.jpg
1777199145.jpg
1777199149.jpg
1777199154.jpg
1777199052.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу конуштардын тургундары арасында салттуу жазгы спартакиада өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-апрелден 26-апрелге чейин созулган спорттук мелдешке балдар, өспүрүмдөр жана чоңдордон турган жалпы 684 адам катышты. Спорттук беттештер "Восток" айылындагы спорт аянтчасында өттү.

Спартакиаданын программасы спорттун жети түрүн камтыды:

  • кичи футбол,
  • волейбол,
  • армрестлинг,
  • тогуз коргоол,
  • аркан тартыш,
  • үч тапан (чүкө)
  • жеңил атлетика (эстафета).

Мелдештин негизги максаты — калк арасында дени сак жашоо образын жайылтуу, өспүрүмдөрдү спортко кызыктыруу жана алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүү болуп саналат.

Мындан тышкары, спартакиада таланттуу жаш спортчуларды аныктап, аларды шаардагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектептерине багыттоо үчүн маанилүү аянтчага айланды.

Мелдештин жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн командалар жана спортчулар тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар жана кубоктор менен сыйланышты.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.