Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Демилгечи - министрлер кабинетинин төрагасы.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев белгилегендей, бул мыйзам долбоору мамлекеттик Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясынын алкагында иштелип чыккан жана кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыктарын жөнгө салуудагы боштукту жоюуга багытталган.
Мыйзам долбооруна ылайык, кызматкерлер тарабынан белгиленген мөөнөттө жеке кызыкчылыктары жөнүндө декларация тапшырылбагандыгы үчүн жеке адамдарга жана кызмат адамдарына 30 эсептик бирдик өлчөмүндө айып пул салынат. Ошондой эле кызматкерлер тарабынан жалган же толук эмес маалыматтарды камтыган жеке кызыкчылыктары жөнүндө декларация тапшырылгандыгы үчүн жеке адамдарга жана кызмат адамдарына 50 эсептик бирдик өлчөмүндө айып пул салынат.
Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосун бир нече жолу жасалганда же жаза чаралары колдонулгандан кийин бузууларды оңдобогондо, жеке адамдарга жана кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.