Дата-борборлорду куруу боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашат

Коом 04 Июнь 2026 15:40
712468862_1295789099409672_5873168534887457170_n.jpg
714424410_1295789142743001_1704826373223800914_n.jpg
710890027_1295789132743002_4275471733579394798_n.jpg
711006208_1295789166076332_5450860071366360265_n.jpg
Алдыга
Артка
712468862_1295789099409672_5873168534887457170_n.jpg
714424410_1295789142743001_1704826373223800914_n.jpg
710890027_1295789132743002_4275471733579394798_n.jpg
711006208_1295789166076332_5450860071366360265_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов маалыматтарды иштетүү борборлорун (дата-борборлорду) куруу жана эксплуатациялоо багытында иш алып барган кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап дата-борборлорду түзүү, ошондой эле маалыматтарды сактоо жана иштетүү жаатындагы инвестициялык долбоорлорду Кыргызстандын аймагында ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Компаниянын өкүлдөрү санариптик сервистердин, булут технологияларынын жана жасалма интеллектке негизделген чечимдердин иштешин камсыз кылган маалыматтарды иштетүү борборлорун долбоорлоо, куруу жана башкаруу боюнча тажрыйбасын тааныштырышты.

Дамирбек Бикулов Кыргызстандын заманбап санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кызматташуунун келечектүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.