Дастан Жумабеков "Ата-Журт" депутаттык тобун жетектемей болду

Жогорку Кеңеш 19 февраль 2026 10:31
Дастан Жумабеков "Ата-Журт" депутаттык тобун жетектемей болду
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев "Ата-Журт" депутаттык тобунда лидер алмашканын билдирди.

Анын айтымында, кечээ депутаттык топтун жыйынында Нурлан Азыгалиев "Ата-Журт" депутаттык тобунун лидеринин ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырды.

"Анын ордуна Дастан Жумабеков лидер болуп шайланды", - деди ал.