Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңеш жыйынында жеке клиникаларда иштегенге чейин мамлекеттик ооруканаларда милдеттүү түрдө тажрыйба топтоону караган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Депутат Кубанычбек Самаков демилгечилерден бул мыйзам "кадр тартыштыгын" чечпестен, адистердин чет өлкөгө кетишине алып келбейби деген суроо узатты. «Мисалы, Түркия менен Казакстанда айлык акы биздикинен жогору. Дарыгерлер чет өлкөгө кетип калышпайбы. Биз мыкты адистерди жоготуп албайбызбы?» - деди парламентарий.
Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов мыйзам долбоору медицина кызматкерлеринин укуктарын эч кандай чектебей турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, мыйзам долбооруна ылайык, дарыгерлерге мамлекеттик ооруканада кеминде беш жыл иштебей туруп, жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салынат.