Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Үч жылдан бери гепатиттин эң оор түрүнө каршы дарылар Кыргызстанга келе элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында өлкөнүн башкы гепатологу Сапарбү Тобокалова билдирди.
Анын айтымында, гепатиттин Дельта деген түрү бар экени чоң көйгөй.
«Биз үч жылдан бери гепатиттин бул түрүнө каршы эч кандай дары ала элекпиз. Анткени бул дарыларды америкалык компания чыгарат. Бул дарылар бизге Россия аркылуу келчү. Азыр келбей калды. Бейтаптар азыр өкмөттүн, парламенттин эшигин каккылап, бул дарыларды алдырып берүүнү суранышууда. Айрым жарандар бул дарыларды алып келүүнү суранып, өз акчасына сатып алууга даяр. Дал ушул гепатит түрү кооптуу болуп, боордун циррозуна жана боордун рагына алып келет. Бейтаптарга бул дарылар абдан зарыл", - деп белгиледи гепатолог.