Данияр Бостонов IATA өкүлдөрү менен авиация маселелерин талкуулады

Коом 16 сентябрь 2025 12:04
546614439_1215737470595554_7204475464159756480_n.jpg
547572708_1215737490595552_2395159774067046915_n.jpg
Алдыга
Артка
546614439_1215737470595554_7204475464159756480_n.jpg
547572708_1215737490595552_2395159774067046915_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жарандык авиация агенттиги

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Бишкекте Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов менен Эл аралык аба транспорт ассоциациясынын (IATA) Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Ризван Ахмед Сиддику жолукту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын, анын ичинде Бажы кызматынын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө авиация тармагын өнүктүрүүгө багытталган негизги маселелер козголду:

- жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү абада ташууну санариптештирүү, процедураларды жөнөкөйлөтүү жана тездетүү боюнча заманбап чечимдерди ишке ашыруу;

- "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын ишинин алкагында PBN (Performance-Based Navigation) долбоору жана аэронавигациялык процесстерди андан ары өркүндөтүү;

- авиация тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттары жана аны менен байланышкан.

Жарандык авиация агенттигинен белгилешкендей, тараптар кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырасташты. Ошондой эле талкууланган демилгелерди ишке ашыруу үчүн кийинки консультацияларды жана жумушчу жолугушууларды өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Агенттик мындай жолугушуулар эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, авиация тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргызстанды дүйнөлүк авиация системасына интеграциялоого өбөлгө түзөрүн кошумчалады.