Амангелдиев Moody’s рейтинг агенттигинин аналитиктери менен жолукту

Министрлер кабинети 16 сентябрь 2026 15:30
6aaa4aad0da65.jpg
6aaa4aabebe4e.jpg
6aaa4aaccfdcd.jpg
6aaa4aac5c641.jpg
6aaa4aac5134d.jpg
6aaa4aabebe43.jpg
Алдыга
Артка
6aaa4aad0da65.jpg
6aaa4aabebe4e.jpg
6aaa4aaccfdcd.jpg
6aaa4aac5c641.jpg
6aaa4aac5134d.jpg
6aaa4aabebe43.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы макроэкономикалык абалды, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктарын, мамлекеттик каржынын абалын, карыздын туруктуулугун жана Кыргызстандын экономикасын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Данияр Амангелдиев акыркы жылдары өлкөнүн экономикасы туруктуу оң динамиканы көрсөтүп жатканын белгиледи. Акыркы төрт жыл ичинде экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түздү, ал эми жан башына туура келген ИДП 2020-жылдагы 1230 АКШ долларынан 2025-жылы 3080 АКШ долларына чейин өстү. 2025-жылдын аягына карата өлкөнүн эл аралык резервдери биринчи жолу 10 миллиард АКШ долларынан ашты, ал эми 2026-жылдын алгачкы сегиз айында реалдуу ИДПнын өсүшү 11%ды түздү.

Фискалдык базаны чыңдоого, мамлекеттик карызды башкарууга жана каржылоо булактарын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары жетишилген натыйжалардын эл аралык кредиттик рейтингдерде так чагылдырылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биз үчүн рейтингдин жогорулашы – бул өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн объективдүү чагылдырылышы жана ал эл аралык коомчулукка Кыргыз Республикасынын туруктуулугунун жана инвестициялык жагымдуулугунун артканы тууралуу кошумча белги болуп саналат", – деп белгиледи Данияр Амангелдиев.

Moody’s агенттигинин аналитиктери сапарынын алкагында айрым экономикалык тармактардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу кененирээк маалымат алуу максатында мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү жана мазмундуу кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдиришти.