Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде эки өлкөнүн Мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууну талкуулашты.
Үстүбүздөгү жылдын жаз айына белгиленген Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар ошондой эле 2025-жылга карата пландарды талкуулашты жана андан пайда болгон маселелерди тез арада чечүү үчүн бардык деңгээлдеги байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашышты.
Ошондой эле Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда, билим берүү мекемелерин жана Кыргыз-Славян университетинин кампусун куруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү мындан ары да тереңдээрине ишенерин билдиришти.
Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты
Тема боюнча
-
Минкаб төрагасы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканалардын абалы менен таанышты
05 Март 2026 226 -
Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгууга кадам: Кыргыз авиациясы эл аралык стандарттарга өтүүдө
05 Март 2026 281 -
Адылбек Касымалиев сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
05 Март 2026 862