Амангелдиев: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк экономиканы өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү

Министрлер кабинети 23 Октябрь 2025 15:45
68f9de7a45b40-thumb.jpeg
68f9de7ce0f23-thumb.jpeg
68f9de7d1a29c-thumb.jpeg
68f9de7f83bf7-thumb.jpeg
68f9de78dd2ac-thumb.jpeg
68f9de81c21b4-thumb.jpeg
68f9de767047c-thumb.jpeg
68f9de8252727-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68f9de7a45b40-thumb.jpeg
68f9de7ce0f23-thumb.jpeg
68f9de7d1a29c-thumb.jpeg
68f9de7f83bf7-thumb.jpeg
68f9de78dd2ac-thumb.jpeg
68f9de81c21b4-thumb.jpeg
68f9de767047c-thumb.jpeg
68f9de8252727-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча IV эл аралык конференцияга катышты. 

Өз сөзүндө төраганын биринчи орун басары 2025-жылы "Инвестициялар жөнүндө" жана "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" жаңыланган мыйзамдар күчүнө киргенин белгиледи. Бул мыйзамдар мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн ачык-айкын механизмдерин, инвесторлор үчүн бирдей кепилдиктерди жана туруктуу инвестициялар үчүн узак мөөнөттүү шарттарды камсыз кылат.

«МЖӨ борборунун портфели 434 миллиард сомдон ашык суммага 90дон ашык долбоорду камтыйт. Бир жылдын ичинде 3 миллиард АКШ долларынан ашык инвестиция тартуу менен 10дон ашык келишимге кол коюлду», - деди Данияр Амангельдиев, МЖӨ алкагында ишке ашырылып жаткан бир катар ири долбоорлорду санады. 

Ал 2025-жылы МЖӨ ишке ашырууга ата мекендик финансы институттары кошулганын кошумчалап, региондордун жетекчилерин МЖӨ долбоорлорун активдүү демилгелөөгө чакырды. Сөзүнүн аягында минкаб төрагасынын биринчи орун басары Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык экенин белгиледи.

«Мамлекеттин, бизнестин жана эл аралык институттардын өнөктөштүгү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы болот деп ишенем», - деп жыйынтыктады ал.