Данияр Амангелдиев кабмин өлкөнүн ИДПсын кандай ыкма менен эсептеп жатканын айтты

Экономика 1261 13 Февраль 2025 12:00
1047297429_0_161_3067_1886_1920x0_80_0_0_ba7242.original.jpg
photo_2025-02-13_10-39-36_ZyM3J96.original.jpg
Алдыга
Артка
1047297429_0_161_3067_1886_1920x0_80_0_0_ba7242.original.jpg
photo_2025-02-13_10-39-36_ZyM3J96.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкекте өткөн брифингде кабмин өлкөнүн ички дүӊ продукциясын (ИДП) кандай ыкма менен эсептеп жатканын айтты.

Ал белгилегендей, ИДПны эсептөө методологиясы БУУ, ЭВФ жана Дүйнөлүк банк сыяктуу абройлуу уюмдар тарабынан иштелип чыккан эл аралык стандарттарга толугу менен ылайык келет. Бул стандарттар инфляцияны жана башка экономикалык факторлорду эске алуу менен номиналдык жана реалдуу ИДПны камтыйт.

Номиналдуу ИДП учурдагы баалар боюнча өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын чагылдырып турат, реалдуу ИДП инфляциянын таасирин жокко чыгарат жана базалык жылдын баалары боюнча эсептелет.

“Бул бизге экономикалык өсүштүн реалдуу темпин так баалоого жана баалардын өзгөрүшүнө байланыштуу бурмалоолорду жоюуга мүмкүндүк берет. Колдонулган методология АКШ, Япония жана башка экономикасы өнүккөн көпчүлүк өлкөлөр үчүн стандарт болуп саналат. Кыргызстан эл аралык стандарттарды сактоо менен ИДПны эсептөөнүн эл аралык коомчулук тарабынан таанылган принциптерин колдонууда. Муну ЭВФ, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы өңдүү эл аралык уюмдардын өлкөнүн экономикасынын өсүү динамикасы боюнча үзгүлтүксүз отчеттору тастыктайт”, - деди ал.