Даниэл Ажиев Токмок шаардык сотунун чечими менен 2 айга камалды

Укук тартиби Загрузка... 09 Март 2026 12:48
645498077_963924449627121_8762792397265351367_n.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Вебкам студияларды уюштурууга айыпталып, мурда соттолгон Даниэл Ажиев 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Токмок шаардык соту тарабынан чыгарылган.

Белгилей кетсек, ИИМ 6-мартта Даниэл Ажиев кайрадан кармалганын тастыктаган.

Кармалган учурда Даниэл Ажиевдин жанынан баңгизатка окшош заттар табылганы айтылган.