"Данас” тайфуну Тайвань аралына 85 млн доллардан ашык чыгым келтирди

Дүйнө Загрузка... 14 Июль 2025 09:55
WhatsApp Image 2025-07-14 at 09.40.29.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 14.07.25 /Кабар/. “Данас" тайфуну Тайвань аралынын айыл чарбасына 2,5 миллиард тайвань долларынан (85,5 миллион АКШ доллары) ашык зыян келтирди. Бул тууралуу аралдын айыл чарба башкармалыгы билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, түшүм жоготуулары 1,76 миллиард тайвань долларын (60 миллион доллар) түзүп, ал эми жеке фермердик чарбаларга келтирилген зыян 400 миллион тайвань долларынан (13,6 миллион доллар) ашты.

Жалпысынан алганда 18,2 миң гектар айыл чарба жери жабыркап, эң чоң жоготууга банан, помело, апельсин жана бамбук өстүрүлгөн плантациялар учураган.

6-7-июль күндөрү Тайвандын түштүк-батыш жээгинде күч алган тайфундан эки адам каза болуп, 334 адам жаракат алган. Ошондой эле 388 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калган.