Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Сириянын Дамаск шаарындагы чиркөөдө болгон теракттан улам 20 адам каза таап, 52 адам түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Дувейла районундагы Ыйык Илия чиркөөсүндө сыйынуу жүрүп жаткан маалда террорист алгач ок атып, андан соң бомба жардырганы айтылат.
Маалыматка ылайык террорист Ислам мамлекети (ИГИЛ) уюмуна таандык.