Далластагы миграция борборунда ок атылып, үч адам жаракат алды

Дүйнө Загрузка... 25 Сентябрь 2025 09:15
8d1e103f-16f4-4fcc-a926-a9b263e93b73.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. АКШнын Даллас шаарында Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) кеңсесинде белгисиз снайпер ок чыгарды. Бул тууралуу CNN каналына таянып, Коммерсант жазды.

Андагы алдын ала маалыматтарга ылайык, ок атуудан кеминде үч адам жаракат алып, айрымдарынын абалы оор.

АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэмдин маалыматы боюнча, окуянын соңунан кылмышкер өзүн-өзү атып өлтүргөн. Анын сөөгү окуя болгон жайдын жанындагы имараттын чатырынан табылган.

Тергөөчүлөр учурда атышууга түрткү болгон себептерди аныкташууда.