Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Дагестанда жүргүнчү поезд менен жеңил унаа кагылышты. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын, Интерфакс маалымдады.
Анда белгиленгендей, Дагестандын Карабудахкент районундагы темир жол өтмөгүндө жүргүнчү ташыган поезддин катышуусунда жол кырсыгы катталды.
27-сентябрда Карабудахкент районундагы "Манас-Ачи" темир жол бекетинде Манаскент айылынын 24 жаштагы тургуну "ВАЗ-21140" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, жол чырактын кызыл күйүп жатканын карабай Москва - Дербент жүргүнчү поезди менен кагылышкан.
Жеңил унаанын айдоочусу кырсыктын кесепетинен алган оор жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Өз кезегинде Россиянын Түштүк транспорт прокуратурасы өзүнүн тeлеграм-каналында Дагестанда унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин кагылышы боюнча темир жол транспортунун кыймылынын коопсуздугу жана эксплуатациясы боюнча иликтөө иштери башталганын белгиледи.