Дагестанда 270 бала ичүүчү сууга ууланды

Дүйнө Загрузка... 10 Июль 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-07-10 at 09.29.07.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Дагестандын Магарамкент районунун беш айылында 274 киши ичүүчү сууга ууланды, алардын 270и балдар. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка караганда, оору бейтаптарда жеңил формада жана оң динамикада өтүүдө. Ооруканада 84 бейтап жатат. Калгандары үйүндө дарыланууда.

Роспотребнадзордун кызматкерлери 7-июлдан бери Магарамкент районундагы Магарамкент, Куйсун, Гиляр, Гапцах жана Жогорку Тагиркент айылдарында курч ичеги инфекциясынын бир нече учуру катталганы тууралуу маалыматка байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Роспотребнадзордун аймактык башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча, уулануу Магарамкент айылынан 14 чакырым алыстыктагы Ахты айылы жакта жайгашкан "Жепельский" суу булагынан келген ичүүчү сууну колдонуу менен байланышкан.

Күн мурун Магарамкент районунун жетекчилиги муниципалитеттин төрт айылындагы бала бакчалардын ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган.

Уулануудан кийин укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголду.