Чжао Лэцзи "Үркүн" мемориалына гүлчамбар койду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 23 Июль 2025 18:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы "Үркүн" окуясынын жана сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койду. Бул тууралуу Жолгорку Кеңештен билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев да катышты.

Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.