Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы эл аралык сыйлык уюштурулат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, буга чейин жазуучунун ысымы менен сыйлыктар ыйгарылып келген.
“Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы жана 2012-жылы уюштурулган КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы адабият, маданият жана гуманитардык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн берилген сыйлыгы бар.
Эми Ч.Айтматов атындагы жаңы эл аралык сыйлыкты иштеп чыгуу демилгеси каралууда. Концепциясы иштелип чыгып, ишке ашырылат”, - деп билдирди ал.