Чуркоо, сүзүү жана велосипед тебүү: Мамкызматкерлер арасында реалити-шоу өтөт

Спорт Загрузка... 23 Январь 2026 17:12
ad2cbbb0-ea13-4b0a-84f0-d0c49b02bd33.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер арасында спорттук реалити-шоу уюштурулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Триатлон федерациясы менен биргеликте уюштурулат.

"Алгач спорттук тажрыйбасы жок 10 бюджеттик кызматкер тандап алынып, аларга чуркоо, сууда сүзүү жана велосипед тебүү үйрөтүлөт. Катышууну каалагандар кеминде 5 жыл мамлекеттик кызматта иштеген жана жаш курагы 28ден 38 жашка чейинкилер болушу керек", - дешти агенттиктен.