Чуңкурчакта Бишкектин спорттук туризм боюнча чемпионаты өттү

Спорт 1964 24 Март 2026 11:25
1774323311.jpeg
1774323303.jpeg
1774323307.jpeg
Алдыга
Артка
1774323311.jpeg
1774323303.jpeg
1774323307.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Чуңкурчак капчыгайында тоо аралык дистанциялар боюнча спорттук туризм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке аймактын күчтүү командалары жана спортчулары катышты. Алар "аска дистанциясы", "асма өтмөк" жана "жабырлануучуну ташуу" сыяктуу техникалык этаптарда күч сынашып, жогорку деңгээлдеги даярдык, чыдамкайлык жана командалык ынтымактуулугун көрсөтүштү.

Чемпионаттын алкагында топтук дисциплиналарда жана жуптук мелдештерде жалпысынан 14 комплект медаль ойнотулду.