Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом Загрузка... 11 Июнь 2025 12:31
5958dedb67d41-1625334_1200.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.