Чолпон- Атада парус спорту боюнча Борбор Азия чемпионаты өтүүдө

Спорт Загрузка... 18 Май 2026 11:30
2026-05-16_21-35-58_833882.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында парус спорту боюнча Борбор Азия чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш "Круиз" яхт-клубунун базасында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышып жатат.

696820875_18408621343196946_892031056188504967_n

Чемпионаттын программасына балдардын "Оптимист" классынан тартып, жогорку ылдамдыктагы Faraest-23 килдик яхталарына чейин эл аралык беш класстагы жарыштар кирген. Калыстар тобунун курамына Кыргызстан, Түркия жана Россия мамлекеттеринин эл аралык эксперттери тандалды.

Мелдештер 21-майга чейин уланат.