Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында унаа жолдорун курууда колдонулуп жаткан битумдун сапатына көчмө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштер Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын адистери тарабынан аткарылууда.
Анда техникалык жана коштоочу документтерди кылдат изилдеп, колдонулуп жаткан материалдын белгиленген талаптарга шайкештиги бааланды.
Ошондой эле үлгүлөр алынып, изилдөө үчүн сыноо лабораториясына жөнөтүлдү.
Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгында продукциянын колдонуудагы талаптарга шайкештиги боюнча акыркы чечим кабыл алынат.
Колдонулган материалдардын сапатын көзөмөлдөө курулуш ченемдери менен талаптарын сактоонун негизги шарты болуп саналат.