Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Чолпон-Атада ат чабыш жана ат оюндары өтөт. Байге фонду 3 млн сом. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-майда Чолпон-Ата ат майданында министрлер кабинетинин төрагасынын — президенттин администрациясынын жетекчисинин байгесине ат чабыш жана ат оюндарын камтыган чоң ат спорту майрамы өтөт.
Программада:
2 жаштагы таза кандуу англис породасындагы импорттолгондор аттары үчүн ат чабыш - 1200 м.
Кунан жорго, 2 жылдык жорголордун жарышы - 2 айлампа - 3600 м.
Кыргызстанда туулган таза кандуу англис породасындагы 2 жаштагы жылкылар үчүн ат чабыш - 1400 м.
Кыз куумай - жуптар.
2 жаштагы аттар үчүн ат чабыш (жарым кандуу тобу) 1400 метр.
Бышты жорго, 3 жылдык жорголордун жарышы – 3 айлампа -5400 метр.
3 жаштагы англис таза кандуу породасындагы импорттолгонат чабыш-1600 метр.
Тыйын эңмей.
Кыргызстанда туулган таза кандуу англис породасындагы 3 жаштагы жылкылар үчүн ат чабыш - 1800 метр.
Жорго Спринт – 1 айлампа - 2000 метр.
3 жаштагы жана андан чоң аттар үчүн ат чабыш – жарым кандуу тобу) - 2000 метр.
Жорго салыш - 4 жаштагы жана андан чоң жорголордун жарышы - 5 айлампа – 9000 метр.
4 жаштагы жана андан чоң англис породасындагы импорттолгон жылкылар үчүн ат чабыш-2000метр.
Лотерея ойнотуу.
Кыргызстанда туулган 4 жаштагы жана андан чоң англис таза кандуу жылкылар үчүн ат чабыш - 2000 метр.
Аламан байге - аралык 20 км. 11 айлампа .
Ошондой эле айыл чарба жарманкеси, асыл тукум жаныбарлардын көргөзмөсү, жылкы аукциону, чоңдор жана балдар үчүн ар кандай сынактар уюштурулат.
Сурап-билүү телефондору: +996 555 374 054