Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бышты жорго жарышы башталды. Жарыш 6 миң метр аралыкка өтүүдө.
Күйөрмандар чабандестерди кызуу колдоп, жарыштын жүрүшүнө көз салып, эмоцияларын ачык билдирүүдө. Көрүүчүлөр финишти чыдамсыздык менен күтүп, өздөрү колдогон күлүк жеңишке жетет деген үмүттө.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.