Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 1600 метр аралыкка кунан чабыш башталды.
”Кабар” агенттигине Кыргызстандын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, Жылкы өстүрүү жана асылдандыруу бөлүмүнүн улук илимий кызматкери Канат Иманов билдиргендей, жарышка жалпы 12 күлүк катышат.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.