Чоң ылдамдыкта, терезеден чыгып: Жол эрежесин бузган айдоочулар кармалды

Укук тартиби Загрузка... 01 Декабрь 2025 12:54
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Бишкекте жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган BMW үлгүсүндөгү үч унаанын айдоочулары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, айдоочулар жарнама үчүн видео тасма тартуу максатында унааларды чоң ылдамдыкта башкарып, жүргүнчүлөрүнүн терезеден чыгышына жол беришкен.

Бул аракеттер жол кыймылынын башка катышуучуларына түз коркунуч жаратып, коопсуздук эрежелеринин талаптарын бузган.

Текшерүү учурунда айдоочулардын мурдагы төлөнбөй калган айып пулдары бар экени аныкталып, алар жеринде төлөтүлдү.

Бул факт боюнча үч унаанын экөөнө 16  миң сом өлчөмүндө айып салынып, унаалары айып короо жайына киргизилди.