Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан парктын аймагында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында уюштурулду.
Анын жүрүшүндө мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында мототранспорт каражаты менен жайыт жерлерине зыян келтирген жаран аныкталды.
Ага карата тиешелүү протокол түзүлүп, 10 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Ошондой эле жаранга жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Министрлик жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.