Бишкек, 13.07.26 /Кабар/. 2026-жылы Европада эс алуу үчүн эң арзан өлкө катары Түркия аталды. Бул тууралуу Euronews билдирет.
Эксперттер Европадагы туристтер эң көп тандаган жети өлкөдөгү бааларды салыштырып чыгышкан. Изилдөөдө Евростаттын улуттук баа индекстери колдонулуп, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы эсепке алынган. Ошол эле учурда адистер белгилегендей, популярдуу курорттук аймактардагы баалар өлкөнүн орточо көрсөткүчүнөн айырмаланышы мүмкүн.
Үй чарбаларынын акыркы керектөө чыгымдарынын (HFCE) индексине ылайык, өлкөлөрдүн көрсөткүчү төмөнкүдөй болду:
- Түркия — 59,6 евро;
- Хорватия — 78,4 евро;
- Португалия — 86,6 евро;
- Греция — 87,4 евро;
- Испания — 91,6 евро;
- Италия — 97,1 евро;
- Франция — 100,3 евро.
Изилдөөнүн жыйынтыгында Түркиядагы жалпы баа деңгээли Евробиримдиктин орточо көрсөткүчүнөн болжол менен 40 пайызга төмөн экени аныкталган. Ал эми Франция салыштырылган өлкөлөрдүн ичинен эң кымбат болуп чыкты.
Мындан тышкары, мейманканалардагы жайгашуу жана коомдук тамактануу кызматтарынего баасы да өзүнчө бааланган. Бул көрсөткүч боюнча эң жогорку баалар Францияда катталса, Италия экинчи орунду ээледи.
Ал эми мейманкана жана ресторан кызматтары эң арзан өлкө катары Португалия белгиленди. Бул өлкөдө мындай кызматтардын баасы Евробиримдиктин орточо деңгээлинен 26,4 пайызга төмөн экени айтылды.