Эл менен жолугушуу: Чүйдө кадр маселеси жана мектептердеги абал талкууланды

Аймак Загрузка... 18 Май 2026 15:40
WhatsApp_Image_ZrleC0B.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Чүй облусунун башчысы Элкинбек Аширбаев эл менен жолугушканда кадрлардын жетишсиздиги маселеси көтөрүлдү.

Облус тургунунун айтымында, мугалимдердин 70%ы пенсионер. Кээ бир мектептерде кадрлар жок, класстар чекесинен жабылууда.

“Ушундай эле көрүнүш ооруканада да байкалат. Ооруканада иштегендердин 70%ы пенсионерлер”, - деди ал.

Облус жетекчиси белгилегендей, бул көйгөй район, айыл жергесиндеги маселелердин бири. Мугалимдер менен саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлердин эмгек акысынын жогорулаганын айтып, кадрларды ишке алып калуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

"Мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акысы көбөйдү. Бул аларга карата мамлекеттин көргөн камкордугу. Эми аларга материалдык-техникалык базасын түзүп берүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жаш кадрларды кармап калуу үчүн аракеттер жүрүүдө. Ошол иштерди дагы да күчөтүш керек", - деди Элкинбек Аширбаев.