Чүйдө суткасына 24 тонна тери иштетүүчү ишкана курулууда

Коом 1 апрель 2026 13:15
1085693215_0_317_3078_2048_1280x0_80_0_0_943f4c151b52a6565a72ac08375a17be.jpg
662349158_122208016094341273_3559754457502574572_n.jpg
658796516_122208016394341273_7921986047176153578_n.jpg
662859442_122208016268341273_2072246241540429408_n.jpg
659585513_122208016220341273_1788105714200491965_n.jpg
IMG_3335.JPG
659880583_122208016046341273_8263384760830672129_n.jpg
661551232_122208015884341273_3087442970316786413_n.jpg
IMG_3334.JPG
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде "Асыл Тери" ЖЧКсынын заманбап тери иштетүүчү заводунун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында жайгашкан 103 гектар аянтта ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 12 млн АКШ долларын түзөт. Ошол эле учурда долбоордун сметалык баасы 5 млн АКШ доллары мамлекет тарабынан каржыланууда. Курулуш аяктагандан кийин ишкана суткасына 24 тоннага чейин чийки тери иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Мындан тышкары, буга чейин иштетилбей талаага ташталып келген бодо малдын жана башка жандыктардын терилери кайра иштетилип, бут кийим жана тиричилик продукцияларын өндүрүүгө пайдаланылат.