Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чүй регионалдык башкармалыгынын Панфилов жана Жайыл райондорунун токойчулары кызматтык рейд учурунда Корумду жайлоосунан мыйзамсыз аңчылык кылган жаранды аныкташты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жаранга мыйзамсыз 2 суурду аткандыгы үчүн протокол түзүлдү. Ага административдик жаза катары 10 миң сом айып пул салынды.
"Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды аңчылык жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Мыйзамсыз аңчылыкка жол берген жарандарга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүп, келтирилген экологиялык зыян толук көлөмдө өндүрүлөрүн эскертет",-деп айтылат маалыматта.