Чүйдө өспүрүмдү сүзүп өлтүрүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 2 январь 2026 13:00
FB_IMG_1767335960594.jpg
FB_IMG_1767335957871.jpg
FB_IMG_1767335955292.jpg
FB_IMG_1767335952325.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767335960594.jpg
FB_IMG_1767335957871.jpg
FB_IMG_1767335955292.jpg
FB_IMG_1767335952325.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 02.01.26. /Кабар/. Чүй облусунда жол кырсыгын жасап, окуя болгон жерден качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-январь күнү Бишкек–Торугарт унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа жол жээгинде велосипед менен бараткан 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2010-жылы туулган Н.А. аттуу өспүрүм каза болгон.

ЖКККББнын ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары SHACMAN үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу Р.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.