Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунда уруксат берүүчү документтери жок май куюучу жай куруп жаткан "Альфа Ойл" ЖЧКсына 213 миң сом айып пул салынды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аймагындагы 225-контурда жайгашкан көп функционалдуу май куюучу жайда жүргүзүлгөн. Анда курулуш тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз жүрүп жатканы аныкталган.
Мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, аларды жоюу тууралуу көрсөтмө берилди. Курулуш объектилериндеги талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштери улантылат.