Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Чүй облусунда "Орион-Гранд" ковролин чыгарган ишкана ишке кирди. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, заводдо үйлөр, мейманканалар, кеңселер жана соода борборлору үчүн ковролин өндүрүлөт. Ишкананы ишке киргизүүгө 3,216 млн АКШ доллары каржыланып, анын 1 млн долларын Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн.
Ишканада 36 жаңы жумуш орду түзүлдү. Жергиликтүү өндүрүш жеткирүүнү тездетип, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана продукцияны атаандаштыкка жөндөмдүү баада сунуштоого мүмкүндүк берет.
Келечекте коңшу өлкөлөрдүн рынокторуна чыгууга да мүмкүнчүлүк ачылат.
Белгилей кетсек, ишкананын ачылышына экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты.