Чүйдө кант кызылчасын жыйноого заманбап комбайндар колдонулууда

Аймак 12 октябрь 2026 12:15

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу" кант кызылчасын өстүрүү жана жыйноо иштеринде заманбап айыл чарба техникаларын колдонууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйыл чарбада кант кызылчасы биринчи жолу пилоттук негизде 10 гектар жерге айдалып, Германиядан жана Франциядан алып келинген үрөндүн эки сорту себилди. Адистердин алгачкы баалоосу боюнча, өсүмдүктүн абалы жакшы.

2025-жылы чарба Беларустан кант кызылчасын жыйноочу атайын техникаларды алган. Алардын арасында жалбырагын кесүүчү жана тамырын казып алуучу комбайндар бар.

Техникалар Сокулук районунун дыйкандары үчүн жеткиликтүү. Фермерлер аларды ижарага алып, 10% жеңилдик менен пайдалана алышат.

Заманбап техникаларды колдонуу кол эмгегин азайтууга, чыгымдарды кыскартууга жана түшүм жыйноонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.